Сокулук райондук соту кызды үйлөнүү үчүн ала качкан айыпталуучуну бошотту. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Тергөөнүн маалыматына караганда, жигит кызга келип, аны үйдөн чыгарып, агасынын үйүнө алып келген. Ошол жерде жабырлануучуга турмушка чыгууга мажбур кылган.
“Сотто Ч.Ж. күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, ал 19 жаштагы А.Б. менен сүйлөшүп жүргөн. Жана ал өз эрки менен турмушка чыгууга макул болгон. Жоолук салып жатканда, колуктуну үйүнө алып кетишкен. Кыз айыпталуучунун сөздөрүн тастыктады. Ал тергөөчүгө апасынан коркуп, чындыкты айткан эмес экенин билдирди. Сот процессинде кыз тосмо арыз жазган”, – деп айтылат соттун өкүмүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ