Menu

Ош шаарында дарыканада иштеген фармацевт кыз дарыга ууланып каза болду

Бөлүшүү:

Ош шаарында дарыканада иштеген фармацевт кыз каза болду. Бул тууралуу Ош облустук бириккен клиникалык оорукана билдирди.

Маалыматка ылайык, ал дары-дармекке ууланып каза болгон. 1-август күнү саат 09:11 чамасында кыз уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылып, саат 16:45те көз жумган.

“Ал бизге эс-учун жоготуп келди. Бейтаптын оорусунун таржымалы соттук-медициналык экспертизада. Мен кабыл алуу журналындагы маалымат боюнча айтып жатам. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал дарыга ууланып калган. Бул бейтаптын эмнеден улам комага түшүп калганы белгисиз”, – деди оорукананын директорунун орун басары Кадырбек Бөрүбаев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, милицияга бул факты боюнча арыз түшкөн жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: