Көпүрөдөн кулап түшкөндөн кийин жарылып кеткен май ташуучу унаанын айдоочусунун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Ал 51 жашта, Чүй облусунун тургуну.
Бөлүмдүн алдын-ала маалыматы боюнча, күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармаган. Жол кырсыгы кечээ, 12-августта болжол менен саат 7:00до Бишкек-Ош жолунун 209-чакырымында болгон. “DAF” үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Ошту көздөй бара жаткан. Ала-Бел ашуусунан түшүп бара жатып, Молдобай-Төр участогунда айдоочунун жүрөгү кармап калган – унаа көпүрөдөн чыгып, жарылып кеткен.
Айдоочунун туугандары анын мурун жүрөгү ооруп жүргөнүн айтышты. Тергөө иш-чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ