“Кыргызстандын коммунисттер партиясы” 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгын КР БШКсына билдирди.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-августтагы өз жыйынында партиянын билдирүүсүн карап аны эске алуу менен чечим кабыл алды.
“Кыргызстан коммунисттер партиясынын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ