Menu

“MTV-Россия” телеканалынын мурунку алып баруучусу Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады

Бөлүшүү:

“MTV-Россия” телеканалынын мурунку алып баруучусу Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов Фейсбук баракчасында жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-августта Москва убактысы боюнча саат 12.00дө Артур Цветков адвокаты менен келген.

Биздин тараптан Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлү, ошондой эле элчиликтин миграция кызматкерлери жана Мигранттарды колдоо фондунун өкүлдөрү келишти. Тараптар сүйлөшүү столуна отуруп, келип чыккан жаңжалды талкуулашты, андан кийин журналисттер келип, бардыгын видеотасмага тартышты.

Натыйжада: Артур Цветков ашпозчу Манаптан жана кассир Бахнорадан, ошондой эле кыргыз элинен кечирим сурады. Тараптар кол алышып, тынчтыкта ​​бөлүндү.

Эскерте кетсек, окуя 11-августта Москвадагы кафелердин биринде болгон. Анда россиялык телеалыпбаруучу Артур Цветков кафеде иштеген кыргызстандык мигрантка “беткапыңды тагып ал” дегени үчүн ызаланып, кол салган. Окуянын видеотасмасы социалдык тармактарга жайылып, катуу талкууга алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: