Kaktus.media маалымат агенттигинин журналисти Марат Уралиев милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ал 4-июлда тыюу салынганына карабастан, “Баястан” ресторанында үйлөнүү үлпөт тою өтүп жаткандыгы тууралуу репортаж тарткан. Иш-чаранын коноктору Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жана башка жогорку кызматтагы адамдар болушкан.
“Кечээ кечинде мага эркек киши чалып, өзүн Кара-Суу РИИБнин кызматкери катары тааныштырды. Ал мени суракка келип кетүүнү суранды, мен убакыттын кеч болуп кеткенин айттым. Бүгүн мага эки жолу телефон чалып, дагы суракка келүүнү өтүндү. Мен үч милиция кызматкерине суракка чакыруу кагазы келгенде гана барам дедим. Бирок алар документти азырынча жөнөтүшкөн жок”, – деди Марат Уралиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ