Menu

Өзгөн шаарында жер титирөөдөн жабыркаган мектептин ордуна жаңысы курулду

Бөлүшүү:

Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында заманбап мектеп курулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, А. Навои атындагы №6 орто мектепке барды.

2008-жылдын январь айында болгон жер титирөөнүн натыйжасында мектептин имараты 4-даражадагы зыянга учураган. Бирок башка имарат жок болгондуктан, окуучулар авариялык абалдагы имаратта окуусун улантууга аргасыз болушкан.

Азыркы учурда курулуш иштери аяктап, сыртын жакшыртуу жана класстарды жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мектептин директору Яшнаржан Бачилов 525 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилгенде окуучулар менен мугалимдердин көптөн берки көйгөйү чечилерин белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу республикалык бюджеттин пландалбаган чыгымдарына карабастан, биринчи кезектеги милдеттерди, айрыкча, авариялык мектептерди жана аймактардагы кароосуз калган ооруканалардын имараттарын оңдоп-түзөөгө каражаттар токтотулбайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков балдарды колдоо боюнча саясаттын алкагында окуучулардын билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл буруларын баса белгиледи.

Жергиликтүү жашоочулар Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришип, Премьер-министр кезинде эле аталган мектептин абалы менен таанышып, айылдыктардын көйгөйүн чечүүгө убада бергенин белгилешти. Жыйынтыгында ушул жылдын күзүндө Өзгөндүн окуучулары эми жаңы мектепке окууга барышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: