Menu

Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылында сибирь жарасы катталгандыктан, 25-августка чейин карантин киргизилди

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылында сибирь жарасы катталгандыктан, карантин киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге аймактын администрациясы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин сибирь жарасына шектелген сегиз адам ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө тогуз адам дарыланып жатат.

Аткаминерлердин айтымында, буга байланыштуу Тогуз-Булак аймагына 25-августка чейин карантин киргизилет. Айылдын тургундарына малдын ар кандай түрүн алып кирүүгө жана экспорттоого, ошондой эле союуга тыюу салынат.

Эскерте кетсек, эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө мал союга тогуз адам катышкандыгы аныкталган. Эт Талдык, Тогуз-Булак, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылдарына таратылган. Жалпысынан байланышта болгондор 285 адам экени аныкталган. Байланышта болгондор антибиотик алып, медициналык көзөмөлдө турат.

Бүгүнкү күндө айылдагы бардык малдар эмделди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: