Сибирь жарасына шектүү деп табылып, Ош облустук бириккен ооруканасына жаткырылгандар чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги журналисттерге билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир гана адамга лабораториялык диагноз коюлган, калгандары терс натыйжа берген.
Эске салсак, жалпысынан сегиз адам сибирь жарасына шектелип, ооруканага жаткырылган. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө мал союга тогуз адам катышкандыгы аныкталган. Эт Талдык, Тогуз-Булак, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылдарына таратылган. Жалпысынан байланышта болгондор 285 адам экени аныкталган. Байланышта болгондор антибиотик алып, медициналык көзөмөлдө турат. Тогуз-Булак айылында 25-августка чейин карантин киргизилген. Айылдын тургундарына малдын ар кандай түрүн алып кирүүгө жана экспорттоого, ошондой эле союуга тыюу салынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ