Бишкектин Карл Маркс жана Достук көчөлөрүнүн кесилишинде КР ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев менен атамекенчи депутат Искендер Гаипкулов штаб ачып алышып, дегеле багы ачылбаган “Замандаш” партиясын 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого таптап жатышканын биздин жеке булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө Мелис Турганбаев мамлекеттик кызматын тапшырып биротоло “Замандаш” партиясына өтөт. Азырынча партиянын шайлоо штабын атамекенчи депутат Искендер Гаипкулов өзү жетектөөдө. Ал эми партиянын чарбалык уюштуруу жумуштарын ыраматылык Мухтар Өмүракуновдун жесири тескөөдө.
Ошондой эле жакынкы күндөрдө “Замандаш” партиясынын съезди өтүп, парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Алдын ала маалыматтар боюнча төмөнкү саясатчылар партиялык тизменин өзөгүн түзүшөт:
1.Мелис Турганбаев
2.Искендер Гаипкулов
3.Жеңиш Молдоакматов
4.Улукбек Ормонов
5.Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ