Menu

Нурзат Токтосунова: “Мен жоолук салынгандан баштап “Араптарга сатылгансың, Айтматовду сүйлөгөнгө акың жок” дегендер ойлондурду”

Бөлүшүү:

Алып баруучу Нурзат Токтосунова өз дарегине жазылган сын-пикирлерге жооп кайтарды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазган.

“Жоолук салынган күндөн баштап ушундай чабуулдар бүтпөй койду. Аттиң, жоолуктан аркысын көрө албаган адамдар бар экени өкүнүчтүү. Жоолуктун ичинде жалындаган, улут жана эл үчүн күйгөн жүрөк бар экенин кайдан билишсин. Ушулардын баарын жазып аткан фейсбуктагы байке-эжелерди жеке тааныйм, алдыларынан кыя өткөн эмесмин. 5 жыл маданият министрлигинде иштегенимде да көп көрүштүк, пикир алышкан күндөр болгон. Азыр аларга ачуу сөздөрү үчүн таарынбайм. Бактылуу болушсун. Болгону, араптарга сатылгансың, Айтматовду сүйлөгөнгө акың жок дегени ойлондурду. Айтматов силердики да, меники да эмес, жоолукчан же жылаңачтыкы дагы эмес. Либерал, демократ, ак же сары, академик же жөнөкөй мугалим меники дей албайт, ал элдики. Баарыбыздыкы. Ал улут сыймыгы… Кимдин элге кандай жарыгы тийип атат, бул башка маселе…

8 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенем, окугула деп ар бир регионду кыдырып бекер сабактарды өтөм, ай сайын муктаждарды жана жетимдерди акысыз окутам. Азыр да телеграммда он беш миң үч жуз адамга күнүгө сабак өтөм. Элге кызмат кылгым келбеген жаман ойлуу бирөө болсом- эмгиче айтып чыгышмак го…

Кыскасы, алган 3 жогорку билимим, 15 жылдык тажрыйбам, чет тилдерде сүйлөгөнүм – жоолук салынганда өзүнөн-өзү жок болуп кетип, заматта араб болуп калдым дей албайм. Ыйманым, ишеничим, кыргыз экениме сыймыктануум дагы күчөдү. Аллах колдосун! Буга чейин улуттук көйнөктөрдү жана элечекти менчелик көп кийгендер аз. Ким эмнени көргүсү келсе, ошону гана көрөт тура. Жакшы жактарымды көп айткан силердей асыл адамдар (катталуучуларым) көп экени кубандырат. Бар болгула. Купалникчен бир кыргыз кызына караганда, жоолукчан кыздын болгону жакшы эмеспи?”, – деди Токтосунова.

https://www.instagram.com/p/CD4Am-sH0o6/?igshid=b9j0azqxxfog

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: