Ош облусунда жол кырсыгы катталып, эки жигит каза болду. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-августта болжол менен саат 22:39 чамасында Ош-Ноокат жолунун 10-чакырымында, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы Жапалак мал базарынын жанында болгон.
1990-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Н. уулу А. “Хонда Степвагон” унаасында эки жаранды сүзүп кеткен. Алардын бирөөсү 1992-жылы туулган Алай районунун тургуну, экинчиси 1997-жылы туулган Араван районунун тургуну.
Алай районунун тургуну алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумду, Араван районунун тургуну ооруканага жеткирилди. Ал 11-августта көз жумган.
Кырсык фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ