Menu

Элвира Сурабалдиева КСДПнын катарынан чыгып, “Ата-Мекен” партиясына келип кошулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-августта КСДПчы депутат Элвира Сурабалдиева өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында 4-октябрда өтө турган КР Жогорку Кеңешине шайлоолорго  “Ата-Мекен” партиясынын тизмеси менен бара тургандыгын жарыялады.

Ага чейин, Элвира Сурабалдиева КСДПнын лидери Анвар Артыковдун атына арыз жазып, КСДПнын катарынан чыга турганын билдирген.

Маалыматка ылайык, эртең 17-августта “Ата-Мекен” партиясынын съезди өтүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитет.

Эске сала кетсек, мындан мындан бир аз мурун эле “Ата-Мекенге” кошулган Темир Сариев эми “Ата-Мекенден” чыгып, “Бүтүн Кыргызстанга” кошулуп кетти. Сурабалдиева менен Сариев бир аймактан – Сокулук районунан болушат жана бир округдун шайлоочуларынын добушу үчүн күрөшүшөт. Өз аймактарында кимисинин саясый салмагы канча экенин ушул шайлоонун жыйынтыктары көрсөтөт.

Баса Элвира Сурабалдиева жердеши Темир Сариевди анын бизнесин тартып алууга аракет кылган рейдер-кылмышкер катары күнөөлөп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: