Реформаларды духу күчтүү, профессионал жана энергиялуу Өкмөт ишке ашырат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Бир Бол» партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз Съездинин жүрүшүндө билдирди.
Саясатчынын пикиринде, Кыргызстан реформатордук духка ширелген таза, күчтүү, профессионал жаш муунга муктаж.
«Эч качан чабал парламент күчтүү Өкмөттү түзө албайт. Реформалардын башкы идеологу жана демилгечиси – Парламент. Алар мыйзамдар аркылуу, идеялар аркылуу, көз караш жана түшүнүктөр аркылуу саясий-экономикалык, социалдык процесстердин жана эң башкысы – руханий баалулуктардын уңгусу болууга милдеттүү. Чабал парламент – чабал Өкмөт, чабал Өкмөт – алсыз мамлекет. Күчтүү парламент – күчтүү Өкмөт, күчтүү Өкмөт -бакубат мамлекет», – деди А. Шыкмаматов.
Эске салсак, бүгүн, 17-августта «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз Съезди өтүп жатат. Анда «Бир Бол» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасалат. Мындан сырткары, партия мүчөлөрү тарабынан «КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана Съезд делегаттары тарабынан талапкерлерин тизмесин бекитүү» маселеси каралат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ