Жалал-Абад шаарында “Кайырчы” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө кайырчылык менен алектенген 16 адам аныкталды, алардын 7си жашы жете элек өспүрүмдөр.
Базардын аймагында 20 жаштагы кыз кемпирче кийинип алып кайыр сураганы аныкталды. Бардык аныкталган адамдардын өздүгү такталып, жашаган жерлерине жөнөтүлдү.
Буга чейин ушундай рейддин жүрүшүндө, 24 жаштагы кыз кемпирдин кийимин кийип алып, өткөндөрдөн акча сураган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ