Menu

“ШампанВинКомбинаттын” жанында аялды сүзүп өлтүргөн “Тойота” унаасынын айдоочусу кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте унаа айдап баратып, аялды өлтүрө сүзгөн деп шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта болжол менен саат 01:00 чамасында Айтматов проспектисинде “ШампанВинКомбината” ЖЧКнын жанында “Toyota Estima” унаасы жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал 1997-жылы туулган Э.А. болуп чыкты. Аны милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал эми унаа айып төлөөчү жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: