Menu

Анжелика: “Адинайдын аты сап башында болуп, жаңы сейил бактын аталышы “Баатырлар” багы аталса дейм”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы пайда болот. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков, сейил багына барганында коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган.

Бул боюнча ырчы Анжелика кечээ, 18-августта Инстаграм баракчасында өзүнүн ой-пикирин билдирди.

Анын айтымында, жалпы пневмониядан көзү өткөндөрдүн чоң тизмеси орун алып, “Баатырлар” багы аталса деген ойдо.

“Адинайдын ата-энесине дагы бир жолу көңүл айтып, кайгысы менен тең бөлүшөм. Жаркын элесине арналган кызыбыздын аты сап башында болуп, дагы башка каза болгон жаштар, иш учурунда өмүрүн берген доктурлар тизмени улантып, бул сейилдөөчү бакта COVID 19 пандемиясындагы көзү өткөн доктурлардын, академик, профессорлордун, имамдардын, эл сыйлаган инсандардын эстеликтери жана жалпы пневмониядан көзү өткөндөрдүн чоң тизмеси орун алып, “Баатырлар” багы (парк “Героев”) аталса дейт элем. Оюңуздар кандай? Бул жөн гана ой-пикир. Ошол жерде куран окутуп тураар элек”, – деди ырчы Анжелика.

https://www.instagram.com/p/CEB2NeElVc2/?igshid=2a6163tzt5u2

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: