Бүгүн, 19-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан бир кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон бейтап Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну.
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1054.
(Эски статистикалык маалымат боюнча каза болгондордун жалпы саны 1499)
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 миңден ашты. Өткөн суткада 312 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 35 миң 197 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ