“Биримдик” саясий партиясынан тизмеде биринчи орунда Акылбек Жамангулов турат. Мындай чечим бүгүн, 19-августта, Бишкекте өткөн саясий бирикменин IV съездинин жыйынтыгында кабыл алынды.
Съезд учурунда делегаттар “Биримдик” партиясынын идеологиялык платформасын талкуулашты. Ошондой эле программа сунушталды, делегаттардын добуш берүүсү менен талапкерлердин тизмеси түзүлдү. Жакында саясий бирикме партиянын программасын коомчулукка сунуштайт.
Белгилей кетсек, съезд бардык санитардык нормалар жана талаптарга ылайык уюштурулган. Иш-чараны Zoom платформасы аркылуу онлайн режиминде көрүүгө болот.
2015-жылдын октябрында Акылбек Жамангулов 6-чакырылыштагы «Республика-Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2018-жылдын октябрь айында ал Альфа Телеком (MegaCom соода маркасы) компаниясынын башкы директору болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ