Бишкекте Милициянын кайгуул күзөт кызматы адашып кеткен кызды таап, ата-энесине кайтарып берди. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдирет.
Белгиленгендей, кечээ, 19-августта, саат 22:30 чамасында Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери көчөдө жумуш учурунда Ахунбаев көчөсүндө адашып кеткен жана үйүнө бара албай жаткан, болжол менен 7 жашар кызды тапты.
“Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тез арада зарыл болгон текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү, анын жүрүшүндө 2013-жылы туулган кыздын өздүгү жана жашаган жери аныкталды. Андан кийин, милиция кызматкерлери жашы жете элек Айымды ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти, алар менен келечекте баланын жоголушу сыяктуу фактылардын алдын алуу боюнча профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү”, – деп билдирет милиция.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ