Menu

Видео – Шайлоо алдындагы окуялар – Кыргызстанда саясий партиялар жок экенин көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

Шайлоого катышкан партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлеринин тизмелерин да жарыялай баштады. «Ата-Мекен» партиясынын эң алдыңкы 25 адамынын арасында азыркы депутаттардан үчөө эле калыптыр – Наталья Никитенко, Эмиль Токтошев жана Бахадыр Сулайманов. Партия лидери Текебаев өзү шайлоого катышпай турганын эске алсак, бул – партияда кадр кризиси күчтүү экенин көрсөтөт.

Партиянын Жогорку кеңештеги фракциясынын жетекчиси Айсулуу Мамашова талапкер болбой калганы – биринчиден, ал фракция жетекчилигине кокусунан келгенин, экинчиден – деги эле саясий партияларга кээ бир адамдар анын идеяларын жактырып-колдогондуктан эмес, партиялык маселелерге эч тиешеси жок такыр башка себептерден киргенин көрсөтөт. «Бир бол» партиясынын алдыңкы 20 талапкеринин катарында азыркы депутаттардан экөө гана калган.

Мамашова чындап эле өткөн декабрда фракцияны кокустан жетектеп калган, анын алдында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов менен партия лидери Өмүрбек Текебаев ортосунда чыр чыккан. Фракция иштерине Шыкмаматовдун эмгеги сиңген, бирок мурдагы макулдашуулар үстөмдүк кылгандыктан, ал деги эле мандатын ташырууга аргасыз болгон. Анын ордуна Нурбек Сыдыгалиев келип, жарым жыл депутат болду, бирок ал азыр кайда?

«Ата-Мекендин» жаңы тизмесине Мамашованын кирбей калганы – мындан беш жыл мурда ал өзүнүн атасынын жардамы менен «Ата-Мекенге» эмес, кайсы болбосун башка партияга кошулуп, ошонун атынан Жогорку кеңешке өтүүгө даяр эле. Азыр деле талапкер болууга талапкерлер мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол эле ыкманы колдонууда жана аны менен байланышкан каражат мамилелерин – саясий коррупция деп атаса болот.

Текебаевдин өзүнүн шайлоого катышуудан баш тартканынын себептери көп. Атамбаев сотторунун аны эркинен ажыратууга кескен өкүмүн былтыр августта Жогорку сот жокко чыгарганы менен, сот иштери эмгиче уланууда жана кантип бүтөөрү али белгисиз. Мындан чоң жыйынтык чыгарса болот. Тиги дейбиз, бу дейбиз, бирок соттор эмгиче жогорку саясий бийликке көз каранды, демек аны менен сүйлөшүп, тил табууга убакыт керек.

«Ата-Мекен» партиясын түптөгөн лидерлери – мен, Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов жана башкалар Жогорку кеңештин депутаттыгына болгон быйылкы шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени алардын заманы келди», – деди кеччэ күнкү парти янын курултайында Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев.

Дагы бир себеп андан да орчундуу болушу мүмкүн. Азыркы шайланып жаткан Жогорку кеңештин 7- чакырылышы толук 5 жыл иштебей да калышы ыктымал, анткени алдыда – Конституцияны жаңылоо маселеси турат жана аны оңдоо менен парламент өлкөгө президенттик башкаруу киргизиши ажеп эмес. Андай болгондо, жаңы Жогорку кеңеш бир жарым – эки жыл аралыгында милдетин аткарып, тарап кетиши мүмкүн.

Текебаев жаштарга үмүт артаары – түзүлгөнүнө 4 эле ай толуп, бет ачаары 2-февралда болуп өткөн КЛДП партиясын таштап, Жанар Акаев 5-июнда «Ата-Мекенге» кошулганда ачыкталган. Бул дагы чоң сүйлөшүүнүн бир бөлүгү сыяктуу. Акаев менен келген башка жаштар менен кошо Текебаевдин партиясына Ырыскелди Момбеков жана Темир Сариев да кошулган, Момбеков «Ата-Мекенде» калды, бирок Сариев Адахан Мадумаровко ооп кетти.

Өзү түзүп, бир нече жыл өнүктүрүп келген партияларын жетекчилери таштап, башка партиянын тизмесине кирүүгө суранганы – партиялык кризис канчалык терең экенин далилдейт. Алар үчүн партиялар эч нерсеге арзыбайт, кандай ыкма менен болсо да, эптеп депутаттыкка өтүш керек. «Ата-Мекендин» алдыңкы 25 талапкеринин төртөө – социал-демократтардан качып келгендер жана алардын ичинде – биринчи орунга чыккан Жанар Акаев да бар.

Бирок «Ата-Мекен» же башка партиялар, Жогорку кеңеш же жалпы парламентаризм терең кризиске батканынан да алда канча орчундуу маселе деп – Кыргызстанда деги эле саясат деген нерсе катуу кризиске кабылганын атаса болот. XXI-кылымга жарашкан заманбап, ачык жана олуттуу саясаттын ордуна өлкөдө орто кылымдагыдай ыкмалар көптөн бери калыптанып келатат. Маселе – бул дагы өзүнчө саясат экенинде. Баарыбыз ушундай саясаттын курмандыгыбыз. Кеп ошондо.

Источник: 5 канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: