Ошто Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эки кызматкери мушташып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайк, бул мушташ кечээ, 20-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймагында болгон. Милиция кызматкерлери бири-бирине арыз жазгандыгы белгилүү болду.
“Учурда Ички иштер министрлигинин ички тергөө кызматы бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат” – деп билдирди маалымат булагы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ