Menu

Беларуста оппозиция кеңеши түзүлгөнү үчүн кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Александр Конюк

Беларус Башкы прокуратурасы Координациялык кеңештин түзүлүшүнө байланыштуу “Бийликти басып алуу жөнүндө” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Александр Конюк билдирди. Максималдуу жаза – беш жыл эркинен ажыратуу.

“Координациялык кеңешти түзүү жана анын ишмердүүлүгү мамлекеттик бийликти басып алууга, Беларус Республикасынынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган”, – деди ал.

Бийликти өткөрүп берүү боюнча Координациялык кеңеш жума башында түзүлгөн. Президиумга адабият боюнча Нобель лауреаты Светлана Алексиевич, мурдагы маданият министри Павел Латушко, президенттикке талапкерлер Виктор Бабарико менен Светлана Тихановскаянын өкүлдөрү киришкен. Алар маалымат жыйынын өткөрүп, президент Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенишкен.

Лукашенко кеңештин курамына бийликке нааразы болгондор, улутчулдар киргенин айтып, өлкөдө альтернативдүү органдын түзүлүшүн мыйзамсыз деп атаган.

Бейшембиде Координациялык кеңеш анын ишмердүүлүгү өлкө мыйзамдарын бузбай турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: