Ошто эркек киши аялын жана алдын ала маалыматтар боюнча баласын сабап салган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 19-августта болгон. Анда эркек киши көп кабаттуу имаратта аялды сабап, андан кийин башка бирөөнү, болжолдуу маалыматтар боюнча баласын токмоктогон.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, батирде турган жарандардын ким экендигин милиция кызматкерлери аныктап, учурда алар Ак-Буура Ички иштер бөлүмүндө.
Уруп-сабоо Оштун борборундагы Алай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Укук коргоо органдарындагы булактардан белгилүү болгондой, жабырлануучу арыз жазуудан баш тартып, кимдир-бирөө токмоктогонун четке кагууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ