Menu

Кашкайган чындык: Рысбекти аянттан генерал Суваналиев кубалап чыккан

Бөлүшүү:

Кашкар Жунушалиев министр болуп келгени бул система калп айтууну, көз будамайлаганды көркүнө чыгарды. ИИМдин береги билдирүүсү осол болуптур. Үзүндү келтирели: “Өз кезегинде Өмүрбек Суваналиев ИИМде министрдин орун басары, андан кийин министр болуп турганда уюшкан кылмыштуулук бутактанып, атүгүл Жогорку Кеңештин депутаттыгына Р.Акматбаев келгендиги…” деп көбүртүп-жабыртууга жандалбас урушат. 

2005-жылы революциядан кийин Өмүрбек Суваналиев Бишкек ШИИБге начальник болуп келип, баш калаадагы башаламандыкты тынчытып, криминалды кынга киргизет. Стабилдүүлүк орногондо аны жумуштан алып салышат. Үч ай бош жүрүп калганы эсибизде, ошол кезде депутат Тынычбек Акматбаев Жогорку Кеңештин кызматкерлери менен түрмөгө барып, Азиз Батукаевдин колунан ажал табат эмеспи. Бул кайгылуу окуядан кийин агасы Рысбек Акматбаев бийликти коркутуп, аянтка боз үйлөрдү тигип салат. Колдоочулары толпа. Акүйдөгүлөрдүн көздөрү алачакмактап, алактап калышканы эсибизде. Ошондо кайрадан Өмүрбек Суваналиевди Бишкек ШИИБге начальник кылып дайындашат. Ал дароо эле Рысбек Акматбаевди тарапташары менен кубалап, боз үйлөрдү чечтирип, баш калаабызга тартип орноткону факт!

Андан соң “Комиссар Каттани” ИИМдин орун басары болуп иштеген. Бийликтин көмүскө чоңдору менен ымалашкан Рысбек Акматбаев Ысык-Көлдөн инисинин ордуна депутаттыкка аттанып, шайлоодон жеңип келгенде дал ушул Өмүрбек Суваналиев кайрадан айгак болуп, каршы чыгат. Ошондо БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мандат бербей койгону чындык. Бул учур 2006-жылдын апрел айы болчу. Рысбек Акматбаев ызаланып, Туйгунаалы Абдраимовду атып кетүү үчүн эки киллерге буйрутма берет. Кыл чайнашкан кырдаалды байкап калган генерал Суваналиев ИИМден опер топту жөнөтүп, арачалап калганын кантип танабыз? Бирок, бир айдан кийин Рысбек Акматбаевдин өзүн атып кетишкен… Бул кезде министр Мурат Суталинов болчу…

Ошол 2006-жылдын ноябрь айынын башында “Реформа үчүн” кыймылы мөөнөтсүз митинг баштап, он миңдеген адамдар Ала Тоо аянтына чогулушат. Нааразычылык акцияны көпчүлүк катмар колдоп аткан учур. Курманбек Бакиевдин бийлиги солкулдай баштайт. Митингден кылкылдаган эл бийликке ишенбөөчүлүк көрсөтүп, Өмүрбек Суваналиевди ички иштер министри болушун талап кылышат. Ураалашып. Акүй аргасыздан калың элдин талабын аткарат. Өмүрбек Суваналиев ИИМди жетектеп, коррупцияга, криминалга аеосуз күрөш баштаганда, тилекке каршы, биздин каарман бийлик “мыкчыгерлери” менен келише албай, үч айдан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болот…

Булак: Aryba.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: