Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө

Бөлүшүү:

Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Тоң районун Кара-Коо айылындагы оорукананын абалы менен таанышкан учурда билдирди.

Өкмөт башчы сегиз миңге жакын жаранды медициналык жактан тейлеген саламаттык сактоо мекемесинде санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты. Дарыгерлердин айтымында, ооруканага кайрылган бейтаптар дары-дармекти дарыканадан эмес, электрондук негизде жеңилдетилген шартта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда электрондук кезек, телемедицина, оорулардын электрондук баянын иштеп чыгуу жумуштары жасалууда.

Премьер-министрдин айтымында, коронавирус пандемиясына, бюджеттик тартыштыкка байланыштуу түзүлгөн кырдаалга карабастан, өлкө аймактарында көп жылдан бери иштебей турган медициналык мекемелердин имараттары ондоп-түздөө, калктын ден соолугуна кам көрүү, өмүрүн сактоого багытталган иштер-чаралар аткарылууда.

«Учурда республика боюнча 12 медициналык объектте куруу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул ооруканалар заманбап жабдуулар менен жабдылат. Жумуштар бектилген график боюнча жүрүүдө. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Тоң районунун акими Данияр Арпачиевдин маалыматы боюнча, Кара-Коо айылындагы оорукананын экинчи кабатын толук бүткөрүү жумуштары башталды.

Премьер-министр медициналык мекеменин оңдоп-түздөө иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Маалымдама: Тоң райондук аймактык ооруканасынын Кара-Коо бөлүмүнүн имаратынын курулушу 1985-жылы башталып, 1989-жылы 1-кабаты ишке киргизилип, 2-кабаты толук бүткөрүлбөй калган.

Экинчи кабатынын бөлмөлөрүнүн ички жасалгалоо, сантехника, жылытуу жана электр системалары орнотуу, эшик-терезелерин, чатырын жаңыртуу алмаштыруу жана ремонт иштери үчүн Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 8,0 млн.сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошону менен бирге дагы кошумча 8,0 млн.сом Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүү каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: