Menu

Видео – Нурлан Насип: “Жакынкы күндөрү Асел өзү видеокайрылуу менен сиздерге ыраазычылыгын билдирет”

Бөлүшүү:

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта анын жолдошу Нурлан Насип Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

“Аселдин кырсыкка кабылганына 2 айдай убакыт болуп калды. Ушул убакыт аралыгында анын ден-соолугун бүтүндөй кыргыз эли, тууган-урук, достор кыжаалат болуп сурап жатышат. Кудайдын буйругу менен Асел күндөн-күнгө жакшы болуп келе жатат, жылыш бар. Бирок толук өзүнө келиш үчүн убакыт керек. Азыркы учурда кызы менен ойноп, өзү басып, тамак ичип, биз менен сүйлөшүп сүйүнтүп жатат. Алгач жаратканга ыраазымын, андан кийин Бишкектеги №4 шаардык оорукананын дарыгерлерине, өзгөчө хирург Сабырбек Жумабековго терең ыраазычылык билдирем. Дарыгерлердин салымы чоң. Андан кийин кыргыз эли алакан жайып, дуба кылганыңыздар үчүн сиздерге ыраазымын. Сиздердин жакшылыгыңыздарда биз Асел экөөбүз жетелешип, жакшы чыгармаларыбызды тартуулап, элибиздин алдында кызмат кылып жүрө берели. Жакынкы күндөрү Асел өзү видеокайрылуу менен сиздерге ыраазычылыгын билдирет”, – деди ырчы Нурлан Насип.

Эске салсак, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.

https://www.instagram.com/tv/CEKSFmpB2J2/?igshid=f0sx2dr5g0ju

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: