Бүгүн, 24-августка карата өлкө боюнча дагы 103 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаары – 27;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу – 8;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 29;
Баткен облусу – 19.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 43 миң 126.
Өткөн суткада 218 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 36 миң 615 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ