БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстан” партиясынын жагдайына комментарий берген жок.
Анын айтымында, мекеменин басма сөз катчысы журналисттерге билдиргендей, саат 18.00гө карата 17 партия документтерин тапшырган.
Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстан” партиясынын документтеринде кандай көйгөйлөр бар деген суроого жооп берген жок.
Активисттердин маалыматы боюнча “Кыргызстан” партиясы БШКга документтерин айтылган убакыттан кечигип, 18:03 минутада алып келишкен.
Мыйзамда белгиленгендей документтерди “Кыргызстан” партиясынын БШКда атайын катталган расмий өкүлү эмес, башка бирөө көтөрүп келген.
Документтерди каттоо журналы балжырайта саат 17:59 деп оңдолгон.
Кечээ, 24-августта БШК талапкерлердин тизмесин каттоого документтерди кабыл алууну аяктады. 10 күндүн ичинде берилген маалыматтар текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.
Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ