“Кыргызстан” партиясы БШКнын чечимине сот тартибинде даттанат. Бул тууралуу журналисттерге саясий бирикменин лидери Канат Исаев билдирди.
Анын айтымында, БШК эскертүү менен гана чектелиши керек болчу.
“Техникалык ката болгондуктан, партияны шайлоодон четтетип салуу болбойт. БШК муну документтердин ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилбегендигине байланыштуу жасады. Биз мыйзамга ылайык иш алып барабыз жана бул чечимге сот аркылуу даттанабыз”, – деди Канат Исаев.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун жыйынтыгын болжол менен 100 адам күтүп жаткан. Маалыматтарга караганда, катышкандардын айрымдары “Кыргызстан” партиясын колдоп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ