Menu

Патрулдук милиция кызматкерлери жерде уктап жаткан кыздын бетине антисептик чачып ойготкон

Бөлүшүү:

Патрулдук милиция кызматкерлери жерде уктап жаткан кыздын бетине антисептик чачып ойготкон.

Маалыматка ылайык, милицияга Жибек Жолу проспектиси менен кесилишкен жерде Жаш Гвардия бульварында бир кыз зордукталды деген чакырык келип түшкөн.

Окуя болгон жерге патрулдук милиция кызматкерлери келип, дарактын түбүндө жаткан бир кызды көрүшкөн. Милиция ойготкондо, ал кыз аларга кимдир бирөөнү күтүп жаткандыгын жана эс алып жаткандыгын айтты.

Алар дагы жерде жаткан кыздан ордунан турууну жана отургучка отурууну суранышты. Бирок кыз аларды уккан жок. Жата берди. Андан кийин милициялар анын бетине антисептик чачышты. Кыз алардын өтүнүчүн аткаруудан баш тарткандыктан, алар өз аракеттерин эки жолу кайталап, дагы антисептик чачты. Натыйжада, кыз туруп, белгисиз тарапка кетип калган.

Бул көрүнүш соцтармактын колдонуучуларынын ар кандай реакциясын пайда кылды. Көпчүлүк патрулчулардын аракетин айыпташты.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кызматтык тергөө жүрүп жаткандыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: