Menu

USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо жана колдоо үчүн чараларды колдоодо

Бөлүшүү:

27-август 2020-жыл – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) COVID-19 пандемиясы учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо жана колдоо үчүн Кыргыз Республикасындагы он бир жарандык коом уюмуна 230 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү грант бөлүп берди. Бул каражаттар баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана бул багыт боюнча дагы башка иш-чараларды илгерилетүү үчүн колдонулат. Аталган гранттар USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору алкагында берилди.

Бул өнөктөштүк демилге COVID-19 вирусунун жайылуусуна байланыштуу 2020-жылдын март айынан баштап киргизилген карантин маалында катталган үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын санынын көбөйүүсүнө жооп катары ишке ашырылды. Өнөктөш уюмдар гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарга психологиялык жана юридикалык кеңеш берип, баш калкалоо жайларынын, акысыз юридикалык жардам борборлорунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы «111» балдар үчүн ишеним телефонунун ишине колдоо көрсөтөт. Алар ошону менен катар зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн  маалыматтык кампанияларды өткөрүп, өспүрүм кыздарга өзгөчө көңүл буруу менен, зомбулукту алдын алуу үчүн жооптуу мамлекеттик мекемелер арасындагы кызматташууну мыктылоо үстүндө иш алып барат.

«COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасында, дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган учурларынын санынын кыйла көбөйүшүнө алып келди. Бул пандемиянын айынан адамдар өз үйлөрүнөн чыкпай, изоляцияда болуусунан улам аялдар жана балдар үчүн зордук-зомбулуктан коргонуу дагы да татаалдашты, – деп билдирди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт. – Биз Кыргызстандагы үй-бүлөлөргө коркунуч туудурган үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга, ошондой эле андан жабыр тарткан адамдарды коргоого жана жардам берүүгө болгон аракетибизди жумшамакчыбыз».

Ошону менен бирге бөлүнгөн каражаттар учурда иштеп жаткан 88 үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттердин ишин чыңдап, өлкөнүн түрдүү аймактрында дагы кошумча 13 комитет түзүүгө да багытталат. Бул комитеттер үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана жабыркаган адамдарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан түзүлөт.

USAID грант бөлүп берген, жалпыга таанымал он бир жарандык коом уюмунун катарына төмөнкүлөр кирет: «Абийир эл» коомдук бирикмеси (Ысык-Көл областы), «Активист» коомдук бирикмеси (Баткен областы), «Аялзат» коомдук бирикмеси (Талас областы), «ДИА» коомдук фонду (Ош областы), «Каниет» кризис борбору (Жалал-Абад областы), «Нуржолбер» коомдук бирикмеси (Ысык-Көл областы), «Аялдарды колдоо борбору» (Бишкек шаарынын жаңы конуштары жана Чүй областы), «Аял-судьяларынын Кыргыз ассоциациясы» коомдук бирикмеси, «Ачык линия» коомдук фонду жана «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фонду. Мындан тышкары Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу өлкө боюнча айыл жана шаар жергесинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кошумча жаңы комитеттерди түзүү үстүндө иш алып барат.

«Жигердүү жарандар» – бул USAID тарабынан каржыланып, ACTED жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери»  менен өнөктөштүк негизинде FHI 360 уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан беш жылдык долбоор. USAID жарандык коом жана өкмөт өлкөнү өнүктүрүү жаатындагы маселелерди чечүүдө өнөктөш деп ишенет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: