Бул жылга карата облуста жалпы 34,9 чакырымдагы жарактан чыккан жолдорду асфальттоо каралып, ага республикалык бюджеттен 133 миллион 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирет.
Мында алгачкылардан болуп жумушту Сузак району аяктаса, Чаткал 90, Токтогул 70, Ала-Бука, Аксы, Ноокен жана Тогуз-Торо райондорунда 50 пайыздан иш жасалды.
Аны менен бирге Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай жана Жалал-Абад шаарларында да белгиленген жолдор эки чакырымга чейин асфальтталып жатат.
Жалпы жумуштарды 10-сентябрга чейин толугу менен сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ