Menu

Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды, “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын арызын карап, БШКнын “Кыргызстан” партиясы документтерин кеч жана талапка ылайык тапшырбагандыгы үчүн  шайлоодон четтеттүү жөнүндөгү чечимин жокко чыгарды.

Сотко журналисттер жана укук коргоочулар киргизилген жок. Жабык эшик артында, БШК менен “Кыргызстан” саясый партиясынын өкүлдөрүнүн гана катышуусунда чечим чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 24-августта “Кыргызстан” партиясы шайлоого карата документтерин БШКга кечки саат 18:03дө алып келди деп чыр чыккан. Андан сырткары документтерди партиянын БШКдан каттоодон өткөн расмий өкүлү эмес, жат киши алып келип тапшырган.

25-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин артка кайтарып берүү боюнча чечим кабыл алган.

Ошол эле күнү “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча арыз менен сотко кайрылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: