Menu

Активисттер «Кыргызстан» партиясынын арызын канааттандырган сот чечимине каршы митинг өткөрүшөт

Бөлүшүү:

28-августта «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырган Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы митинг өтөт.

«Чоң казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев «олигархтар кайрадан жеңишке жеткенин» билдирди. Анын айтымында, алар сот чечиминин жокко чыгарылышын талап кылышат. Активист Улан Үсөйүн мөөнөтсүз митинг уюштурууга чакырды.

«Ата Мекен» партиясынан талапкер Тилек Токтогазиев «Кыргызстан» партиясын шайлоого катыштырбоо тууралуу БШКнын чечими мыйзамдуу болгон деп эсептейт.

«Биз мыйзамдуулук үчүн чыгып жатабыз. Соттун чечими «эгер документтерди ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбесе, партия каттоого алынбайт» деп жазылган конституциялык мыйзамга каршы келет», — деди ал.

27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырган. Сот чечимине ылайык, боршайком эми партиянын документтерин кабыл алышы керек.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон.

Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: