Menu

Акрам Мадумаров: Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иши солгундап калды

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек делегацияларынын жолугушуусу. 27-август, 2020-жыл.

27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек араны тактоо иштери эмнеге солгундап калганын түшүнндүрдү:

«Коронавирус инфекциясынын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калды. Буга карабастан, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтыктоого кам көрүшүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштоо зарыл».

Жыйында өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук линияларын сүрөттөө боюнча мындан аркы иши, ошондой эле чек аралардагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган. Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 5% жакыны такталбай турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: