Menu

Асел Кадырбекованын жолдошу Нурлан Насип кырсыктын күнөөкөрүн кечирип, апасы тосмо арыз жазды

Бөлүшүү:

Асел Кадырбекованын апасы ГБР унаасынын айдоочусуна карата тосмо арыз жазды. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Нурлан Насип YouTube блогерине берген маегинде билдирди.

“Бир жагынан бул кырсык экенин түшүнөсүң, бир четинен караганда жанагыдай ылдамдык менен сүзүп кеткени аянычтуу”, – деди Нурлан.

Ырчынын айтымында, ал кырсыктын күнөөкөрүн аялы үчүн кечирип, кайненеси тосмо арыз жазган. Ошондой эле Нурлан күнөөлүү тараптан унааны калыбына келтирип берүүнү айткан. Ал эми алар Аселдин дарылануусу үчүн акчага муктаж болбогонун билдирди.

“Биз чыдамдуу, кечиримдүү бололуу деп чечтик. Анткени баланын тагдырын талкалагыбыз келген жок. Биз дагы жолдо жүрөбүз, эртең эмне болорубузду билбейбиз. Бул баарыбызга сабак болду”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: