Menu

1-сентябрдан тартып өзбекстандыктарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилет

Бөлүшүү:

1-сентябрдан тартып Өзбекстандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилет. Буга Өзбекстандын COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргени себеп болду.

Буга байланыштуу Өзбекстан 1-сентябрдан тартып коронавирус инфекциясынын жайылышы басаңдап, эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет.

21-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түзгөн.

Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб буга чейин тизме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) берген маалыматтар боюнча жаңыртылып турарын билдирген. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча алгоритмдердин аткарылышын көзөмөлдөйт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү ушул жылдын 19-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салган. Ошондой эл аралык авиакаттамдар да токтотулган.

Кыргызстан 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдарын калыбына келтирген. Ушул тапта Орусия менен да аба каттамдарын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: