Menu

Эгемендүүлүк күнү майрамдалгандан кийин Ала-Тоо аянтынан 2 тонна таштанды чыгарылды

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүк күнүн белгилегенден кийин, Ала-Тоонун борбордук аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Муниципалитет COVID-19 пандемиясына байланыштуу массалык иш-чаралар жокко чыгарылгандыгын, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салттуу майрамдык концерт болбогонун эске салды. Бирок майрамдык салютту көрүү үчүн борбор калаанын көптөгөн жарандары жана коноктору келишти.

“Бактыга жараша, бир дагы бала жоголгон жок, башка окуялар жана укук бузуулар катталган жок”, – деп кошумчалашты мэриядан.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эки тонна таштанды чыгарышты. Өткөн жылы майрам учурунда Ала-Тоо аянтындагы концерттик программалардын көрүүчүлөрү 16 тонна таштанды таштап кетишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: