Menu

Жогорку соттун жанында “Кыргызстан” менен “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Жогорку соттун имаратына “Кыргызстан” партиясынын миңге жакын тарапташтары келишти.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку сотто “Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуу укугу боюнча иши каралат. Азыркы тапта мекеменин алдына миңден ашуун киши чогулган.

Митинг учурунда “Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал чыкты.

“Ата-Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев “Кыргызстан” партиясынын тарапташтарына кайрылып, эмне үчүн келишкендигин сурай баштады. “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү андан кетүүнү суранышкан, бирок Токтогазиев баш тарткан.

Натыйжада, милиция кийлигишкен. Укук коргоо органдары талапкерге тартип үчүн жооптуу экендигин түшүндүрдү. Ошондой эле, митингдин катышуучуларына чагым уюштурбашы керектигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: