Бүгүн, 1-сентябрда КР Жогорку соту “Кыргызстан” партиясынын БШКнын үстүнөн жазган аппеляциялык арызын карап чыгып, 27-августтагы Бишкектин Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин кабыл алып, шайлоого катыштырууга милдеттүү болот.
Эсиңиздерге сала кетсек, 24-август күнү “Кыргызстан” саясый партиясы өзүнүн тизмесин жана башка документтерин белгиленген убакыттан (18:00) кеч алып келген жана партиянын БШКда катталган атайын өкүлү эмес, анын тааныштары тапшырган. Муну байкаган коомчулук жана башка партия өкүлдөрү чуу көтөрүшкөн.
25-август күнү БШК коомчулуктун талабынан кийин “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин каттабай, артка кайтарып берүү чечимин кабыл алган.
26-августта “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын дооматын туура деп таап, БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгарган.
28-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин кайрадан кабыл албай койду жана Бишкектин Административдик сотунун 27-августтагы чечиминин үстүнөн аппеляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ