«Сомон Эйр» авиакомпаниясы 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин Орусиядан Тажикстанга кошумча 52 чартердик каттам жасайт. Каттамдар тажик жарандарын мекенине кайтаруу ишинин алкагында аткарылат.
Эки өлкөнүн макулдашуусуна жараша, компания Москва, Екатеринбург, Казань, Санкт-Петербург, Краснодар, Новосибирск, Иркутск жана Сочидеги тажикстандыктарды Душанбеге жеткирет.
Тажикстан ТИМи мекенине кайтууну каалаган жарандар COVID-19 вирусу менен оорубаганын тастыктаган ПЧР-тесттин бүтүмүн алып жүрүшү керек экенин эскертет. Үч жашка чейинки балдар тест тапшыруудан бошотулган.
Атайын комиссия тизме түзөрдө оорукчан кишилерге, жаш балалуу аялдарга, кары-картаңдарга жана Орусияга иш сапар менен барып келе албай жаткан адамдарга артыкчылык берет.
Тажикстан коронавирустун жайылышына байланыштуу марттын аягында аба каттамдарын токтоткон. Ошондон бери чет өлкөлөрдөгү жарандар чарттердик каттамдардын жардамы менен гана келишүүдө.
Тажикстан менен Орусия арасында ырааттуу учуулар качан башталары айтыла элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ