Menu

Базар-Коргон милициясы ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 тоголок жетимдерге онлайн окуулар үчүн сыналгы, чөнтөк телефон сатып беришти

Бөлүшүү:

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун жана жоруктардын алдын алуу максатында “Укук, тартип” аталышындагы 2 күндүк профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында паспорттук эреже боюнча 167 кожолуктан турган  835 жаран текшерилди. Бул тууралу Жалал-Абад  облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейд учурунда ар түрдүү укук, тартип бузуулар аныкталып, 63 адамга административдик протоколдор түзүлдү.

Аталган райондун жана Сузак РИИБдин милициянын участкалык инспекторлору тарабынан өздөрү тейлеген аймактарындагы профилактикалык каттоодо турган адамдар текшерүүгө алынып, жаш өспүрүмдөр арасындагы ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 бир тууганга материалдык колдоо көрсөтүлдү. Милиция кызматкерлери Арстанбап айыл аймагында жашаган бир туугандарга онлайн окууларга катышууга керектелүүчү сыналгы, чөнтөк телефон, азык-түлүк жана шириндиктерди тапшырышты.

Ошондой эле район аймагында жашаган жарым жетим, тоголок жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү өспүрүмдөргө окуу куралдары жардам иретинде берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: