Menu

КРнын Малайзиядагы элчилигинде кыргыз диаспорасы менен биргеликте эгемендүүлүктүн 29 жылдыгын майрамдашты

Бөлүшүү:

31-августта КРнын Малайзиядагы элчилигинде кыргыз диаспорасы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери мекендештерди жана конокторду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Бекназаров 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация” кабыл алынган учурда болгон тарых жана окуялар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, Кыргызстандын тарыхын, кооз жерлери тууралуу билими жана чет жерде жашаган жарандар үчүн Мекендин маанилүүлүгүн билүү боюнча сынактар өткөрүлдү.
Мындан тышкары, консулдук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары менен кеңешмелер өткөрүлүп, жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын жана миграция режимин сактоонун зарылдыгы жана маанилүүлүгү белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Малайзия бийлигинин пандемия шартындагы бардык коопсуздук чаралары жана сунуштары аткарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: