Menu

Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан утулуп калды, партия парламенттик шайлоого катыша турган болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата арызы каралды.

Турсунбай Бакир уулу “мен 19-августта өткөн партиянын съездинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 18-катарда бекитилгем.  Бирок съездден кийин мени 22-катарга жылдырып коюшканынан ачууланып, кайым айтышып чыгып кетсем, 25-августта мени тизмеден такыр чийип салышыптыр” деп арызданып, партияны шайлоо жарышынан четтетүүнү  суранган.

Бул арызды иликтеген БШКнын жумушчу комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүүнү сунуштаган. Бирок БШК мүчөлөрүнүн добуш берүүсүндө бул сунуш өтпөй калып, партия шайлоого катыша турган болду.

Ал эми Турсунбай Бакир уулуна БШК мүчөлөрү “бул маселе – партиянын ички талашы БШКнын компетенциясына  кирбейт” деп сотко кайрылууну сунушташты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: