Menu

Видео – Бишкекте адамдарды мыкаачылык менен сабаган эки бир тууган жигит 10-11 жылга түрмөгө кесилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-сентябрда борбор калаанын Ленин райондук соту “Жал” кичи районундагы супермаркеттин жанында адамдарды катуу сабаган Калысбек Сейитбеков менен Жаныбек Бапышевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаныбек Бапышев 10 жылга, Калысбек Сейитбеков 11 жылга эркинен ажыратылды.

Алар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренеси “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” боюнча күнөөлүү деп табылды.

Эске салсак, 2019-жылдын 28-августунда Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” супермаркетинин жанындагы мушташ учурунда эки адам катуу сабалган. Алардын бири бир нече күн комада жаткан.

Шектүүлөр качып кетип, бир нече күн жашырынып жүрүшкөн. Аларга милицияда иштеген бир тууган агасы жана айрым милиция кызматкерлери жардам беришкен.

Бир аз убакыттан кийин шектүүлөр күнөөлөрүн мойнуна алып, өздөрү милицияга келүүгө аргасыз болушкан. Алар кармалып, тергөө абагына киргизилген. Шектүүлөрдү убагында кармабай бошотуп жиберишкен кызматкерлерге кылмыш иши козголгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: