Menu

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Netflix сервиси менен келишим түздү

Бөлүшүү:

Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл

Британ ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл продюсердик компания ачып, Netflix сервиси менен эксклюзивдүү келишимге кол коюшту. Азырынынча компаниянын аталышы жана келишимдин суммасы айтыла элек.

Жубайлар даректүү жана көркөм фильмдерди, сериалдарды тартып, балдарга арналган берүүлөрдү даярдоо менен алектенишет.

Меган Маркл буга чейин Suits («Форс-мажорлор») деген белгилүү америкалык сериалга тартылгандыгы менен бегилүү. Бирок ал өзү жакында актриса катары съемкаларга катышпай турганын билдирди.

Ханзаада менен жубайы быйыл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарынан баш тартып, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан. Алар АКШга көчүп кеткени менен Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: