Menu

Асейин Саралаев, экс-“Ата-Мекенчи”: “Атамбаев жасадым деп автор болгон ири долбоорлор да Бакиев учурунда минималдуу каражаттар менен башталган”

Бөлүшүү:
Туңгуч Президентибиз Аскар Акаевдин 7-каналда агынан жарылып берген маегин көрүп аргасыз күлдүм… Илгери жоокер ата-бабаларыбыз “Кыргыз сексен жашында кылыч кармап жоого аттанып, токсон жашында жоокерлерге кайрат берип, жүз жашында жеңиш менен кел деп бата беришет”,- айтышчу экен. Бирок канча жашында алжый баштайт деп укпаптырмын… Билбейм, Аскар Акаев сексен жашка чыкпай карылыкка моюн сунуп алжып калгандай сезилди. Болбосо бир жагынан Майрам апчебиз экинчи жагынан Бермет эжебиз байкуш кишинин мээсин жей беришип, башындагы түркүн формулалар чаташып кеткенби айтор кечээки сөздөрү “бирге бирди кошсо он бир болот” деген апендинин кебиндей эле болуп калыптыр…
Аскар Акаев Кыргызстанды ошол кездеги башка мамлекеттердин жетекчилери өз өлкөсү үчүн жасаган иштери менен чаташтырып алгандай сүйлөдү. Баарынан да БАКИЕВге өлкөнү “500 миллион карыз менен калтыргам, өлкө өнүгүп бара жаткан” деген сөздөрү күлкүнү келтирди. Демек Акаевдин айтканы боюнча Щвейцарияга айланган өлкөнү кийинки Президент Курманбек Бакиев келип Гана өлкөсүнө айландырган экен да? Таппасаң сыйпалап кал таз башты болуптур да…  Башкасын айтпасак дагы Акаевдин өлкөнү 15 жыл бою таш талканын чыгара башкарып акырында 2,5 млрд доллар карызы, 18 млрд сом кирешеси менен Бакиевге калтырганын, ал эми Курманбек Бакиевдин талыкпаган мээнетинин арты менен карызды 1,9 млрд долларга чейин түшүрүп, кирешени 55 млрд сомго жеткиргенин алжыган башы унутуп калдыбы? Аскар Акаев өзү башкарган мезгилди унутса дагы биз али унута элекпиз!!
Мен ал доорду абдан жакшы билем. 10 жашымда кубанып тааныган Акаевди 25 жашымда эл менен чогуу кубалагандардын катарында болчумун… Акаевдин доорунда үй-бүлөсү менен жакындары эле жыргабаса, элдин көпчүлүгү жакырчылыктын сазына батып кетишкен болчу. Туш тарапка бакыт издеп тентиген элди айтпасам дагы, Акаевдин доорунда Казахстандын депутаттары теледен: “Кудайга шүгүр Казахстан өнүгүп эл байып баратат. Жаман деген казактын экиден кыргыз кулу бар”,- деп мактанып калышканын кантип айтпайм!!! Кантип??? Эмне деген акмакчылык болгон ошол жылдары!!! Башка чет өлкөнү кой коңшу казактар киши ордуна көрчү эмес…Канча кылымдан бери улуу элбиз деген кыргыз элин кулчулукка салып берген дал ошол Акаев өзү болгонун унуттубу??? Эсимде Акаевдин доорунда айылда электр жарыгы бир күн күйбөй калса жаңылык деле эмес болчу. Эл бир жумалап, керек болсо эки айга чейин жарыгы жок жашаган күндөр өткөн. Коррупция ушунчалык гүлдөгөнүн айтпай эле коеюн, жөнөкөй эле светчилер кимдин үйүнө куда келгенин же той болгонун билишсе, атайын ошол айылдын жарыгын өчүрүп, элдер дасторконун жасап, эт-ашын, 500 сомун көтөрүп барып акелеп-жакелеп жатып күйгүздүрчү. Карыган ата~апаларыбыз алты айлап пенсия алчу эмес. Пенсиянын алгылыктуу көбөйгөнүн да көргөн жокпуз? Атамдар жарыбаган пенсиясын акчалай эмес: сасыган чай, курттап кеткен ун, саргарган гезит жана кийим-кече менен алышкан күндөрүн азыр да ичиркенип эстейм… Айылдын эли жаз келсе үрөөн же күйүүчү май таба алышпай кыйналган күндөрүн, күздө картөшкө, эгиндери үшүккө калып же кар бастырып (техника, акча жоктугунан) сыздаган күндөрүн көрдүк… Прокурор, сотторду айтпай эле коёюн участкалык инспекторлор, МАИ кызматкерлери айылдын элинин канын соруп бир арызды бир жылкы менен бүтүрүп, урушкан кишиден бир кой алып байышкан учурду көрдүк. Кылмыштуулук күчөп айылдан күн сайын мал уурдалган заманды көрдүк… Көчөлөрдө арак ичип сулап жаткан элди көрдүк… Мугалим менен дарыгердин кадыры түшүп, спирт саткан катындар чалчактаган заманды көрдүк… Элдин жакырдыгын ушундан билиңиз айылдан Кочкордун борборуна ат араба менен катташат эле… Башкаларын дагы айтып эчак айыккан элдин жарасын тырмабай эле коеюнчу… Бирок Аскар Акаев кайсы жыргаган заманын айтып тамшанганын түшүнгөн жокмун?
Бирок Акаев айткандай эмес, Бакиев келген 2005-жылдан баштап өлкөбүз бийликке жетпей калгандардын тынымсыз митингдерине карабастан өнүгүү жолуна түшүп, өлкөнүн имиджи көтөрүлгөн эле. Баягы “Кыргыздан кулубуз бар” деген казактар кысчу жерлерин кысып элди кулчулукка сатууну токтоткон эле Бакиев. Пенсиялар өз убагында берилип, жыл сайын эки ирет кошулуп отуруп 2010-жылдары жакшы пенсия алып калышкан болчу. Мал уурулук да, башка кылмыштар да азайып, участковый, светчилердин өнөрлөрү да Бакиев учурунда токтогон болчу. Элдин жашоосу чындап оңоло баштаган. Курманбек Бакиевге ыраазы болгонум КЫРГЫЗСТАН деген өлкөбүзгө коңшуларды жана башка чет өлкөлөргө тең ата мамиле кылганга жеткиргени болду. Акаев мактанган 15 жыл менен Бакиев башкарган 5 жылдагы социалдык-экономикалык абалды тастыктаган сандар менен башыңарды оорутпай эле коеюн, бирок Бакиев беш жыл ичинде Акаев жасабаган иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошконун, керек болсо кийин Атамбаев жасадым деп автор болгон ири долбоорлор да Бакиев учурунда минималдуу каражаттар менен башталганын да айта кетпесек болбостур.
Сөзүмдүн акырында АКАЕВГЕ бир нерсени эскерте кетким келди.
Урматтуу Аскар Акаевич!!!
Сиз Ельцинден башыңызга чоң кашыкты барабан кылып ойнотсоңуз, Курманбек Салиевич эч бир Президентке ойноттурган эмес!!! Керек болсо Путин, Каримов, Назарбаевден бери өз даражасын түшүрбөй, тең ата жана аяр мамиле жасаткан деңгээлге жеткиргенин билебиз. Ошондуктан кадырыңыз жан болсун! Сиз алжыган сөздөрдү айтпай, башка Президенттерди мокочо кылбай, элиңизге ак бата берип, кайрат берип Назарбаевдей ЕЛБАСЫ деген кадырга ээ болбосоңуз дагы, Туңгуч Президент деген атыңызды таза сактаңызчы…
Асейин Саралаев, мурунку “Ата-Мекенчи”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: