Menu

Чүй облусунун Москва районунда бет капчан адамдар аялдан акча талап кылып, бир нече саат бою үтүк менен кыйнашкан

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Москва районунун тургунун белгисиз адамдар бир нече саат бою үтүк менен кыйнашкан. Бул маалымат Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкталды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-августунда райондук ички иштер бөлүмүнө тоноо фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Саат 02: 30да медициналык бет кап кийген үч белгисиз адам 69 жаштагы Л.И.дин үйүнө кирип барышып, аны ур-токмокко алышып, колун скотч менен байлап, андан кийин үтүк менен кыйнашкан.

Кылмышкерлер аялдын алтын жасалгаларын жана акчаларын алып, андан кийин качып кетишкен. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча катталган.

“Бул кылмыштын бетин ачуу КРнын Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды” – деп баса белгилешти РИИБден.

Белгилей кетсек, 29-августтан 30-августка караган түнү саат 01:00 чамасында үч белгисиз адам Сокулуктун үйлөрүнүн бирине кирип, үй ээсин байлап, акча талап кылышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: