Menu

Сүлүктүдө жашы жете элек кыз ымыркай төрөп, аны ажатканага ыргытып жиберген. Сот аны күнөлүү деп тапты

Бөлүшүү:

Сүлүктү шаарында жашы жете элек кыз ымыркай төрөп, аны ажатканага ыргытып жиберген. Сот аны күнөлүү деп таап, өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, кыз белгисиз адам менен жыныстык катнашта болуп, боюнда бар экендигин билгенден кийин баладан кутулууну чечкен.

«Тергөөнүн маалыматына ылайык, Б.Р. үйүнөн эркек бала төрөгөн. Ал киндигин лезива менен өзү кескен. Жаңы төрөлгөн ымыркайдан кутулууну чечип, аны жуурканга ороп, жеке үйдөгү дааратканага ыргытып жиберген. Жашы жете элек кыздын төрөгөнү ооруканада белгилүү болду, аны кан кеткенден кийин алып келишкен», – деп айтылат өкүмдө.

Соттун чечими менен Б.Р. эки жылга чейин эркинен ажыратылды, бирок мунапыс колдонулуп, жазадан бошотулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: